Загрузка документа…
АКМАН АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы №14
ПРЖР-2 долбоору аркылуу сатылып алынган прицепти иштетүү жолу жөнүндө
Акман жайыт комитетинин башчысы Исаков Медетбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын IIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ПРЖР-2 долбоору аркылуу сатылып алынган атайын техниканы ( прицеп) Акман жайыт комитети ЖОБОнун негизинде иштетүүгө алынсын.(№1тиркеме)
2. ЖОБОнун негизинде иш алып баруу Акман жайыт комитетинин төрагасы М. Исаковго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин орун басары Ш. Калыковго милдетендирилсин.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Сопуев . |
Акман айылдык кеңешинин 2019
-жылдын “____”_______________
№_____ Токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасы менен айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2 долбоорун КАРЖЫЛОО ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУСУНУН НЕГИЗИНДЕ сатылып алынган айыл чарба техникаларды эксплуатациялоо жөнүндө
ЖОБО
Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана коомчулуктун жайытты башкаруу планына негиз Кыргыз Республикасы менен айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2 долбоорун КАРЖЫЛОО ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУСУНУН НЕГИЗИНДЕ (мындан ары -Долбоор) аркылуу сатылып алынган Трактор телещкасын (прицеп-А3-8524) маркасындагы тракторду (мындан ары –айылчарба техника) натыйжалуу башкаруу жана сарамжалдуу пайдалануу тартибин жөнгө салат.
1. Жалпы жоболор
1.1. Айыл өкмөтү алынган айыл чарба техниканы АРИС, айылдык кеңеш, айыл өкмөтү жана жайыт комитетинин ортосунда түзүлгөн алкактык келишимге таянып жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен өз балансына кабыл алат жана мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрине киргизет.
1.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 16-беренесине жана КРнын граждандык Кодексинин 227-беренесинин 4-пункутуна негизинде жайыт пайдалануучулар бирикмесине оперативдүү башкарууга өткөрүп берет.
1.3. Айыл чарба техниканы оперативдүү башкаруу укугун өткөрүп берүү жана анын мөөнөтү айыл өкмөтүнүн жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортосундагы түзүлгөн келишим менен аныкталат.
1.4. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси мүлктү пайдаланууда жана тескөөдө техникалык коопсуздук, экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо менен ушул Жободо белгиленген тартипте жүргүзөт.
1.5. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси оперативдүү башкаруу укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга, аны ижарага, күрөөгө коюуга, чарбалык шериктештиктердин капиталына салым (пай) түрүндө кошууга же башка ыкма менен башкарууга укуксуз.
1.6. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануунун жылдык планында белгиленген жумуштарга тартылбаган учурда, келишимде көрсөтүлгөн шарттарда жергиликтүү тургундарга, жергиликтүү жана тышкы жеке жана юридикалык жактарга коммерциялык негизде кызматтарды көрсөтө алат.
1.7. Айыл чарба техниканы коммерциялык максатта пайдалануудан түшкөн таза киреше жайыт комитетинин бюджетине түшөт жана анын туруктуулугун камсыздоого жумшалат.
1.8. ЖПБ/ЖК атайын техниканы максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануу менен жайыттардын абалын, инфраструктурасын жакшыртуу жана туруктуулугун камсыз кылуу боюнча план/программа иштеп чыгат. Жана жайыт комитетинин отурумунда талкууланып, жайыт пайдалануучулардын (ЖПБ) жалпы чогулушунда/конференциясында бекитилет.
2. Механизаторду тандап алуу тартиби
2.1. Айыл чарба техникаларды натыйжалуу башкаруу, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруучу органы Жайыт комитети ачык сыноо/тендер аркылуу өткөргөн конкурстун жыйынтыгына ылайык тандалып алынган механизатор менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
2.2 Тендердик комиссиянын курамы 5-7 сандагы кишилердин курамынан турат жана комиссияга жергиликтүү кеңештин, айыл өкмөтүнүн жана жайыт пайдалануучулардын өкүлдөрү киришет.
Тендердик комиссиянын курамын жайыт комитетинин төрагасы өзүнүн буйругу менен аныктайт.
2.3. Конкурс төмөндөгү критерийлерге негиз өткөрүлөт.
Механизатор төмөндөгү базалык талаптарга ылайык келиши керек:
Механизаторлук кесиби боюнча билимге ээ болуу (күбөлүк).
Айыл чарба техника менен иштегендиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болуусу.
Кеминде 3 адамдын сунуштама каты.
Айыл чарба техниканы сактоочу гаражга ээ болуусу;
Айыл чарба техниканы ремонттоо боюнча жөндөмгө ээ болуусу;
Ден соолугунун чыңдыгы боюнча Ф 086У справкасы;
Жеке ишкердикти жүргүзүүсү боюнча күбөлүгүнүн жана патентинин болуусу, камсыздандыруу полисинин болуусу өзгөчөлүк катары бааланат.
2.4. Механизаторду тандап алууда аныкталган критерийлерге ылайык ар бир комиссия мүчөсүнүн жекече баалоо отчету жүргүзүлөт жана колу менен күбөлөндүрүлөт. Жана ар бир комиссия мүчөсүнүн жекече баалоо отчетунда берилген баллдар жыйынды таблицада жалпыланып, орточо баллдары эсептелип, ранжирлөөнүн жыйынтыгы менен жеңүүчү аныкталат. Жыйынды таблица бардык комиссия мүчөлөрүнүн колдору менен күбөлөндүрүлөт.
3. Айыл чаба техниканы иштетүү жана финансылык каржыны башкаруу тартиби
3.1. Айыл чарба техникалар эң биринчи кезекте жайыттарды башкаруу жана пайдалануунун жылдык планында белгиленген жумуштарды аткарышат.
3.2. Айыл чарба техникалар жайыттарды башкаруу жана пайдалануунун жылдык планында белгиленген жумуштарды аткарууга кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттен, жайыт төлөмдөрүнөн топтолгон жана атайын техниканы пайдалануудан түшкөн каражаттардан каржыланат.
3.3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануунун жылдык планда белгиленген жумуштарды аткаруу жана коммерциялык кызматтарды көрсөтүү тарифи жайыт пайдалануучулардын (ЖПБ) жалпы чогулушунда/конференциясында талкууланып, айылдык кеңеште бекитилген кызмат көрсөтүү тарифине негизинде жүргүзүлөт (Тиркеме 1, Тикеме 2, Тиркеме 2-1).
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планында белгиленген жумуштарды жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү маанидеги жумуштарын аткарууда өзүнчө тариф, жеке жана юридикалык жактарга коммерциялык тариф менен эсептелет.
Чоп, эгин ташуу;
Чабандардын жугун жеткируу жана ташуу;
Айыл ичиндеги мусорлорду ташуу;.
(*эскертуу АК бекиткен тариф менен эсептелет)
3.4. Жеке жана (же) юридикалык жактарга айыл чарба техниканы коммерциялык негизде иштетүү төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:
Жайыт комитети жеке жана (же) юридикалык жактардан буюртманы жазуу жүзүндө кайрылуу түрүндө кабыл алат;
Буюртмачы тарабынан белгиленген тарифке ылайык төлөнгөн акча каражаты ЖКнын бухгалтериясы аркылуу эсеп жүргүзүлөт.
Жайыт комитетинин төрагасы механизаторго буюртмага ылайык аткарылуучу жумуштун түрү жана орду көрсөтүлгөн жолдомо баракчаны (путевой лист) өзүнчө берет.
Жолдомо баракчада белгиленген жумуш аткарылып, буюртмачы тарабынан кабыл алынгандан кийин жумуш аяктады деп эсептелинет.
3.5. Айыл чарба техниканы пайдалангандыгы боюнча отчеттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жайыт пайдалануучулардын (ЖПБ) жалпы чогулушуна/конференциясына жылына бир жолудан кем эмес берилет.
4. Тараптардын укуктары жана милдеттери
4.1. Тараптардын укуктары жана милдеттери айыл өкмөтү менен ЖПБ/ЖКнын ортосунда түзүлгөн мүлктү оперативдүү башкаруу укугун берүү боюнча келишимде аныкталат.
5. Мүлктү оперативдүү башкаруу укугун берүү боюнча келишимди токтотуунун тартиби
5.1. Мүлктү оперативдүү башкаруу укугун берүү боюнча келишими төмөнкү учурларда токтотулат:
Келишимдин мөөнөтү аяктаганда;
Жайыт пайдалануучучулар бирикмеси Уставда белгиленген тартипте өз ишин токтоткондо;
Тараптар келишимдин шарттарын жана милдеттерин аткаруудан баш тартканда.
6. Талаш тартыштарды чечүү тартиби
6.1. Айыл чарба техниканы оперативдүү башкарууда келип чыккан талаш-тартыш маселелер аксакалдар сотунун отурумунда, жайыт комитетинин жана текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда чечилет.
Тиркеме №1
Трактор телещкасын (прицеп-А3-8524) коммерциялык максаттагы кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифи
№ | Расходы | Трактор телещкасын (прицеп-А3-8524) | |||||||
ед. измерения | Расход на рейс | Цена сом | Сумма сом | Эскертүү | |||||
1 | Жук ташуу учурунда | рейс | 1 | 100 | 100 | Трактор телещкасын (прицеп-А3-8524) чыгымдайт | |||
2 | майлоочу материал | кг | 0,01248 | 60 | 0,74 |
| |||
Б. | Трактористин эмгек акысы | сом |
|
| 100 |
| |||
Айыл чарба техниканын жалпы чыгымы: | 201 |
| |||||||
1. | Кызмат үчүн | сом | 1 | 100 | 100 | 346,74*70%=242,7 | |||
Баары |
|
|
|
| 301 |
| |||
| |||||||||
* чыгымдар 1 маш./сааттык убакытка карата эсептелди.
Бирдиктүү тариф айылдарда өткөрүлүүчү элдик жыйында талкууланып жактырылат жана АК сессиясында бекитилет.
2. Трактор телещкасын (прицеп-А3-8524) пайдалануу үчүн төлөнүүчү төлөм жана финансалык планы
Трактор телещкасын (прицеп-А3-8524) кирешеси
Өндүрүмдүүлүгү | 1 рейс баасы | Сезон ичинде | Сумма |
Чоп ташуу | 300 | 20 | 6 000 |
Чабандардын жугун жеткируу | 300 | 15 | 4 500 |
Мусор ташуу | 400 | 100 | 40 000 |
|
|
|
|
Жалпы |
| 135 | 50 500 |
3. Трактор телещкасын (прицеп-А3-8524) күтүү үчүн 1 жылга карата утурумдук оңдоолорго жана м/част учун короткон чыгымдары
№ | Чыгымы | Өлчөө бирдиги | саны | Бирдик баасы | сумма | эскертүү |
1 | Айыл чарба техникасынын киреше табуудагы ар бир рейске кетирген чыгымы | рейс | 135 | 100сом | 13 500 |
|
2 | Майлоочу майлар | кг | 15 | 100 | 1500 |
|
3 | Механизатордун айлык акысы | сом | 135 | 100 | 13 500 |
|
4 | салыгы | Согласно тарифу |
| 1500 | 1 500 |
|
5 | Техникалык кароо |
|
| 2000 | 2000 |
|
6 | Майлоочу майлар |
|
| 2000 | 2000 |
|
7 | Керектүү тетиктер |
|
| 5000 | 5000 |
|
8 | Күтүлбөгөн чыгымдар |
|
| 5000 | 5000 |
|
| Баары |
|
|
| 44 000 |
|
* бул чыгымдарды ЖК тушкон кирешенин негизинен чыгымдайт жана бухгалтердик отчотулук жургузот.
* Трактор телещкасын (прицеп-А3-8524) пайдалануудан келип түшкөн таза киреше ЖПБ жайытты башкаруу планындагы бюджеттин киреше булагы болуп эсептелет.
Тиркеме 3
Айыл чарба техникасын айдоо үчүн механизаторду тандап алуу боюнча комиссия мүчөсүнүн жекече баалоо отчету
№ | Баалоо критерийи | Макс балл | Кандидаттын аты жөнү | ||
|
|
| |||
I | Билими | 20 |
|
|
|
| Механизаторлук кесиби боюнча билимге ээ болуу |
|
|
|
|
| I боюнча жыйынтыгы: |
|
|
|
|
II | Айыл чарба техника менен иштегендиги боюнча иш тажрыйбасы | 40 |
|
|
|
| 3 жылдан кем эмес |
|
|
|
|
| 5 жылдан кем эмес |
|
|
|
|
| Жана андан жогору |
|
|
|
|
| II боюнча жыйынтыгы: |
|
|
|
|
III | Башка талаптар | 40 |
|
|
|
| Айыл чарба техниканы кармоого жайы болуусу |
|
|
|
|
| Ден соолугунун чыңдыгы боюнча Ф 86У справкасы |
|
|
|
|
| Жеке ишкердикти жүргүзүүсү боюнча күбөлүгүнүн жана патентинин болуусу |
|
|
|
|
| III боюнча жыйынтыгы: |
|
|
|
|
| Жалпы жыйынтыгы: (I)+(II)+(III) | 100 |
|
|
|
Комиссиянын мүчөсү: _________________ ________________________________________
(колу) (аты-жөнү)
_________________________ ______________________________________________________
_________________________ _____________________________________________________
_________________________ ______________________________________________________
_________________________ ____________________________________________________
Приложение №1
АКТ ПРИЕМА ПЕРЕДАЧИ
Сельхоз техники между механизатором и Акманского ОПП, Базар-Коргонского района, Жалал-Абадской области
«_____» _____________2019 г. с.Жаны Акман
Мы, нижеподписавшиеся в лице Исаков М.И.–председателя ЖК Акманского ОПП, с одной стороны, передает,_______________________________________ -механизатор Акманского ОПП, принимает в рамках Договора №______ между ОПП и механизатора о предоставлении сельхоз техники от “____” .____________ 2019 года нижеследующую сельхоз техники:
№ | Описание | Техническая спецификация | Количество | Цена за единицу сом (балансовая стоимость) | Общая сумма | Эскертүү (страна происхождения) | ||
| Грузоподъемность, кг | 4500 |
|
|
|
| ||
| Снаряженная масса прицепа, кг | 1750 |
|
|
|
| ||
| Длина кузова, мм |
| 1 | 369 000 | 369 000 | Прицеп-А3-8524 | ||
| - наружная | 4150 |
|
|
|
| ||
| - внутренняя | 4050 |
|
|
|
| ||
| Ширина кузова, мм |
|
|
|
|
| ||
| - наружная | 2400 |
|
|
|
| ||
| - внутренняя | 2300 |
|
|
|
| ||
| Высота бортов, мм |
|
|
|
|
| ||
| - основных | 500 |
|
|
|
| ||
| - надставных металлических | 500 |
|
|
|
| ||
| - надставных сетчатых | 1000 |
|
|
|
| ||
| Габаритные размеры, мм |
|
|
|
|
| ||
| - длина | 5800 |
|
|
|
| ||
| - ширина | 2450 |
|
|
|
| ||
| - высота | 1800 |
|
|
|
| ||
| Объем кузова, м3 |
|
|
|
|
| ||
| - с основными бортами | 5,0 |
|
|
|
| ||
| - с надставными бортами | 9,5 |
|
|
|
| ||
| Высота загрузки, мм, не более | 1250 |
|
|
|
| ||
| Ширина колеи, мм | 1800 |
|
|
|
| ||
| Угол подъема кузова, град. |
|
|
|
|
| ||
| - назад | 45 |
|
|
|
| ||
| - вбок | 45 |
|
|
|
| ||
| ВСЕГО |
| 1 | 369 000 | 369 000 |
| ||
Передал: |
Принял: ____________________________ |
| ||||||
Исаков Медетбек Акматбекович Председатель Акманского ЖК подпись ____________________________
«_____» _________________ 2019г |
механизатор Акманского ОПП подпись ____________________________
«______» __________________ 2019г |
| ||||||
Механизатордун эл менен иштөө методу
1. Буюртмачы тараптан ЖК кайрылуу түшөт.
2. Кайрылуу менен таанышуу ЖК жетекчилиги.
3. Бухгалтерияга көрсөтүлүүчү кызмат үчүн белгиленген тарифке ылайык акы төлөйт жана белгиленген тарифке ылайык белгиленген пункта жетүү боюнча км карай кеткен күйүүчү майдын көлөмүнө ылайык төлөмдөр жүргүзүлөт.
4. Механизатор буюртмага ылайык путевой лист алат.
5. Төлөмдү жумушту аяктагандан кийин алат.
Акман ЖК төрагасы
Исаков М.А..
_________________айылынын тургуну ____________________________ФИО
Кайрылуу
Менин Сизге кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө: мага тиешелүү болгон _____км алыстыктагы жайгашкан аймактагы __________тн өлчөмүндөгү ______________ ________________________________________________________________________________ (Мусор алып чыгуу, чоп ташуу, жук жеткируу, эгин ташуу ж.б.).
Көрсөтүлгөн кызмат үчүн акы төлөө ЖК бухгалтериясына __________ (________________________________)сомдук өлчөмдө төлөнөт.
Мен атайын техниканын кызмат көрсөтүү боюнча шарттары менен таанышып чыктым.
Телефон №: _______________________________
Кайрылуучу: __________________________________________________________________
(подпись) (имя и фамилия)
Дата « _____» «___________________» 2019-жыл.
«Бекитемин»
Акман ЖК төрагасы
________________________ Исаков М.А.
колу
«____» ______________ 2019_г.
Путевой лист № _____________
Трактор телещкасынын маркасы: (прицеп-А3-8524)
Гос.номер №04 KG________
Механизатордун фамилиясы жана аты ___________________________________
Механизатордун күбөлүгүнүн номери ______________________
Дата | Күйүүчү май | Чыгуу убактысы | Кайтуу убактысы | Спидометр көрсөтүүсү (мото/саат) | Жумуш түрү | Спидометр көрсөтүүсү (мото/саат) бардыгы | Кызматты кабыл алуучунун ФАА | колу | |
Чыгууда | Кайтууда | ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Спидометрдин көрсөткүчү (мото/саат) ай башында ____________________
Бухгалтердин колу ____________________
Спидометрдин көрсөткүчү (мото/саат) ай аягында____________________
Механизатор колу ____________________
Бир айлык көрсөткүч ____________________
Бир айда чыгымдалуучу күйүүчү май ____________________
Ведение записей проводимого ремонта и обслуживания тракторов
Трактор телещкасын (прицеп-А3-8524) №04 KG_______ | ||||
День, месяц, год | Мото/час | Наименование расходов/количество | Цена в сом | Подпись бухгалтера и водителя |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|