Загрузка документа…
АКМАН АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-майы №19
Акман айыл округунун аймагында сел коопсуздугун алдын алуу боюнча
Акман айыл округунун аймагында сел коопсуздугун алдын алуу боюнча айыл округунун башчысы М.Көкөновдунг билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сел коопсуздугун алдын алуу боюнча иш чараларын айыл округунун “Жарандык коргонуу жана эвакуация” комиссиясы жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте тыгыз иш алып баруусу жүктөлсүн.
2. Акман айыл округунун сел коркунучу бар аймактарында өзгөчө иш аракеттерди жүргүзүү айыл округунун башчысы М.Көкөновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ш.Калыковго милдеттендирилсин.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Сопуев . |