Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № 21/78
Депутаттардын айыл аймактык Кеңешинин экономика, финансы жана бюджет салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү Молдобаев Тилек, Сыдыков Алтынбекжана Кош-Дөбө айыл аймагынын бөлүм башчысы Капаров Сабатардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кош-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтуу бюджети жөнүндөгү Мыйзамдарына негизденип, Каржы министрлиги берген долбоорду, Кенештин туруктуу комиссиясы берген маалыматтарды эске алып, 2019-жылга карата жергиликтүү бюджет төмөндөгүдөй бекитилсин: 2019-жылдын киреше бөлүгү 6592,0 миң сомго, мунун ичинен жергиликтүү салыктар жана жыйымдар 2660,1 мин сомго, тендештирилүүчү грант 3931,9 сомго бекитилсин.
2. 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгаша болугу:
- аппаратка — 3215,5 миң сом
- маданиятка — 895,9 миң сом
- агартууга — 1049,1 миң сом
- бала бакчага — 993,2 миң сом
- жайыт комитети — 438,3 миң сом
Баары : 6592,0 миң сом.
3. 2019-жыл учүн айыл аймагынын жылдык бюджетинин киреше бөлүгү 6592,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 6592,0 миң сомго бекитилсин.
4. 2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше,чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу прогнозу төмөндөгүдөй бекитилсин:
2020-жылга:
— жергиликтүү салыктар жана жыйымдар 2209,1 сомго;
— тендештирилүүчү гранттар 4810,0 сомго;
Баары 7019,1 сомго;
— чыгаша бөлүгү 7019,1 сомго
2021 -жылга жергиликтүү бюджеттин киреше болугу:
— жергиликтүү салыктар жана жыйымдар 2210,1 сомго;
— тендештирилүүчү гранттар 4812,0 сомго;
Баары 7022,1 сомго
— чыгаша бөлүгү 7022,1 самго
5. Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылга Каржы министрлиги берген долбоордун киреше бөлүгү боюнча өкмөт башчысы Т.Абыкеевдин аталган министрликтин Кочкор башкармалыгына 28.11.2018-жылдагы № 196 каты боюнча 2 салыктын түрүнөн 127,1 миң сомго аткарылбай тургандыгы жөнүндөгү каты расчеттору менен эске алынсын жана планды азайтын берүү жагы суралсын.
6. Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019 -жылга карата бекитилген бюджетинин ар бир статьясы мыйзамдын негизинде туура чыгымдалышына көзөмөлдүк кылуу жагы өкмөт башчысы Т.Абыкеевге жана отчет берип туруу жагы бөлүм башчы С.Капаровго милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы, бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ырысбек Бектен |