Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-ноябры № 8
“Ала-Бука тазалык” муниципалдык ишканасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
“Ала-Бука тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Стамалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап,Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ала-Бука тазалык” муниципалдык ишканасына 200000 (эки жүз миң) сом субсидия жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
Код №70111 аппараттын 3211 беренесинен 200000 сом кыскартылсын.
Код №70111 аппарттын 2512 беренесине 200000 сом кошуп берилсин.
2. Ажыратылган акча каражатын которуу жагы ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |