Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 05
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтγнγн башкы адис статистик кызмат ордун келишим менен штаттык бирдигин бекитγγ жөнγндө
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтγнγн башкы адис статистик кызмат ордун келишим менен штаттык бирдигин бекитγγ боюнча депутаттардын Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы I кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтγнγн 17.03.2014-жылдагы №145 жана 19.12.2014- жылдагы №715 “жергиликтγγ өз алдынчы башкаруу органынын кээ бир мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрγп берγγнγн тартиби жөнγндөгγ” токтомунун негизинде Достук айыл аймагынын айыл өкмөтγнγн башкы адис статистик кызмат ордун келишим менен штат бирдиги бекитилсин.
2. Сметада каралган акча каражаты мөөнөтγнөн кечиктирилбей төлөп берγγ жагы Кыргыз Улуттук статистика комитетинен жана Финансы министрлигинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын Достук айыл аймагынын айыл өкмөтγнγн Финансы экономикалык бөлγмγнγн башчысы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.
Төрага | К.Өмγрканов |