Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдагы22-марты№3/1
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ЖКнин төрагасы А.Шаршеналы уулунун маалыматынын негизинде айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин 3-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын ЖКнин 2019-жылга карата бюджети 744 400 ( жети жүз кырк төрт миң төрт жүз) сом менен бекитилсин.
2. Мал башына жайыт акы- жайытка чыккан бир күн үчүн бодого- 0,16 сом, бодонун төлүнө- 0,11 сом, майда жандыкка- 0,031 сом менен бекитилсин.
3. Жайыт жерин кыйыр пайдаланууга Таш-Рабат өрөөнүндөгү турист тоскон жарандарга боз үй башына 1000 сом, чөп чабындыга- 0,01 га үчүн 10 сом акы бекитилсин.
4. Сырттан келген малдар үчүн жайыт акы- эки эсе эсептелинсин.
5. Токтомду аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте ишке ашыруу жагы ЖКнин төрагасы А.Шаршеналы уулуна милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Кабаевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Иманкулов |
|
|