Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдагы 22-марты №3/2
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылындагы «Супа-Булак» бирикмесинин 2019-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айылынын «Супа-Булак» бирикмесинин жетекчиси М.Тентимишовдун маалыматынын негизинде айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин 3-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылындагы «Супа-Булак» бирикмесинин 2019-жылга бюджети 474 437 ( төрт жүз жетимиш төрт миң төрт жүз отуз жети) сом менен бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу, тапшырылган иштердин өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы «Супа-Булак» бирикмесинин жетекчиси М.Тентимишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Ш.Кабаевге тапшырылсын.
Төрага | Ж.Иманкулов |
|
|