Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-майы №37/1
Ак-Муз айыл өкмотүнүн бюджетине кошумча жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн дагы башка төлөмдөр түшкөн 572 500 (беш жүз жетимиш эки миң беш жүз) сом акча каражаттын бөлүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн дагы башка төлөмдөр түшкөн 572 500 (беш жүз жетимиш эки миң беш жүз) сом акча каражат төмөндөгүдөй берилсин:
- Муниципалдык ишкананы жакшыртууга 321,3 сом;
- “Өмүкө” канаалына смета үчүн 50,0 сом;
- Таза суунун башына пайдаланууга 201,2 сом;
2. Бөлүнгөн акча каражатын атайын тузүлгөн смета расходко ылайык жургүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т. Жумакадыровго тапшырылсын;
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У.Мокешов |
|
|