Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-апрели № 36/3
Ак-Муз айыл аймагында ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагында көчүү, конуу 2019-жылдын 15-майдан 10-июнга чейин алыскы жайытка көчүрүлүп, мал башына бакканга кой, эчкиге 30 сом, бодого 250 сом деп бекитилсин.
2. Ички өрөөндөгү мыйзамсыз тосулган зымдарды алдыруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилип, тосмо зымдарын албагандарды тиешелүү органдарга берилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У.Мокешов |