Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № 21/80
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депуттарынын типтүү Этикалык кодексине» ылайык иштелип чыккан «Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын Этикалык кодексин» талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын Этикалык кодекси” бекитилсин.
2. Айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аткарууда кодекстин талаптарын сакташсын.
3. Айылдык Кеңештин депутаттары депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөөгө ашыруу учурунда негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм турум нормаларынын сакталышын көзөмөлдөө жагы Депутаттык иш, этика, маданият жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, адам укугун коргоо, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ырысбек Бектен |