Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-февралы №28/4
Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн муниципалдык кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө
Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн муниципалдык кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү боюнча ФЭБ башчысы-башкы эсепчи Р.Калмамбетованын жана айылдык Кенештин экономика-бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Ак-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн муниципалдык кызматкерлеринин типтүү түзүмү жана штаттык саны төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
1 штат - Айыл өкмөт башчысы
1 штат - Айыл башчы
1 штат - Жооптуу катчы
1 штат - Бөлүм башчы- башкы эсепчи
3 штат- Башкы адис
2 штат – Жетектөөчү адис
2 штат - Адис
2 штат - Аскердик эсепке алуу столунун инспектору
1 штат – Иш алып баруучу
0,5 штат – Кароолчу
0,5 штат - ТазалоочуЖыйынтыгы: 15 штат.
2. Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин штаттык ыраттамасы 211232 (Эки жүз он бир мин эки жүз отуз эки) сом менен бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Турдубековго милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Зарлыков |