АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясы
2019-жылдын 8-февралы №28/5
Эки тараптуу түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамдын,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө № 145 токтомунун негизинде,Депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кенешинин VIчакырылышынын кезектеги ХХVIIIсессиясы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 20-беренесинин 2 жана 3-пункттарын жетекчилике алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл аймагында статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишими бекитилсин.
2. Келишимде көрсөтүлгөн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адистин иш милдеттерин аткарууга кеткен чыгымдардын жергиликтүү бюджетке которулуусуна жана акча каражаттарынын мыйзам чегинде чыгымдалышына көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | Р.Зарлыков |