Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-марты №29/5
Көчөлөргө ысым берүү жөнүндө
Орто–Кырман участкасындагы жана Жалын участкасындагы көчөлөргө ысым берүү жөнүндө өкмөт башчы Т.Турдубековдун маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Кырман участкасындагы жолдун жээгиндеги турак үйлөр жайгашкан көчөгө Көкүмбаев Сабырбектин ысымын жана Орто-Кырман участкасындагы кампанын үстүндө жайгашкан турак үйлөр жайгашкан көчөгө Кожокматов Спабектин ысымы ыйгаруу тууралуу өткөрүлгөн жыйындын чечими бекитилсин.
2. Жалын участкасынын жашоочуларынын жыйында кабыл алынган чечими бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Т.Турдубековго тапшырылсын.
Төрага | Р.Зарлыков |