Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № 21/82
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2016-жылдагы № 202 токтомунун негизинде мамлекеттик салык кызматы тарабынан берилип жаткан ыйгарым укуктар боюнча Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү токтомдун негизинде Кочкор райондук салык башкармалыгы менен Кош-Дөбө айыл аймагынын ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.
2. Мамлекет тарабынан ыйгамым укутарыды өткөрүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113 беренесинин 2 пунктуна ылайык, зарыл болгонматериалдык, финансылык жана башка каражаттары менен кошо өткөрүп берсин.
3. Эки тараптуу келишимди мыйзамдын талаптарына шайкеш келишин айыл өкмөтүнүн башчысы жана райондук салык башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы, бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ырысбек Бектен |