Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 14-майы № 170
Ош шаарынын биринчи вице-мэри С.Турдуевдин ”Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 5-апрелиндеги №5 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын биринчи вице-мэри С.Турдуевдин ”Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө маселе боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына ( Т. Сарыбашов):
“Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы” муниципалдык ишканасынан жана ”Жапалак унаа базары” муниципалдык ишканасынан түшкөн төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча Ош шаарынын салык кызматы менен тиешелүү иш алып баруу жана “Жапалак унаа базарынын” жер багытын өзгөртүү маселесин мыйзам чегинде кароо жагы сунушталсын;
- борбордук базардагы соода түйүндөрүнөн алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин карап чыгуу жана жеке менчик базарларды координациялоону борбордук базар дирекциясына милдеттендирүү менен, 6 айдын ичинде алардын ишмердүүлүгүн иретке келтирүү боюнча иш алып баруу жана аткарылган иштин жыйынтыгы боюнча Ош шаардык Кеңешине маалымат берүү тапшырылсын.
3. Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясына ( М.Курбанов):
-борбордук базарда санитардык жана өрт коопсуздук нормаларды сактоону камсыздоо;
-борбордук базардын айланасындагы жолду бойлото жайгашкан баш-аламан соода түйүндөрүн, тамак-аш саткан жерлерди базардын ичиндеги атайын ыңгайлаштырылган жайларга жылдыруу жана иретке келтирүү;
-борбордук базардын ичиндеги жолдорду жамап-түзөө иштерин аткаруу тапшырылсын.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу ) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кенешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Каримбеков) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |