Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 14-майы № 171
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Асановдун Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын иштеринин натыйжалуулугу жана мектептердеги, балдар бакчаларындагы окуу тарбия иштеринин сапаттуулугу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 5-апрелиндеги №3 токтомун, ошондой эле сессияда сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкармалык тарабынан Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын иштеринин натыйжалуулугу жана мектептердеги, балдар бакчаларындагы окуу тарбия иштеринин сапаттуулугу жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов):
-шаардык билим берүү башкармалыгынын ишмердигин жана билим берүү тармагына тиешелүү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлгө алуу;
-окуучулар арасында тартип бузуулардын алдын алуу боюнча мектептерде коомчулуктун, ата-энелердин, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, укук коргоо органдарынын, массалык маалымдоо каражаттарынын биргеликте тыгыз байланышта иш жүргүзүүсүн камсыз кылуу;
-жетишпеген предметтик мугалимдерди камсыздоо, жогорку окуу жайлар менен түзүлгөн келишимдердин аткарылуусун такай көзөмөлдөө, шаардагы балдар бакчаларынын жетишсиздигин жоюу;
-жайкы эс алуу лагерин жана мектептердин алдындагы жайкы эс алуу аянтчаларын уюштуруу боюнча иш алып баруу сунушталсын.
3. Ош шаарынын билим берүү башкармалыгына (А.Асанов):
-мектептердеги, балдар бакчаларындагы иштердин натыйжалуулугу, окуу тарбия иштеринин сапатуулугу жөнүндөгү маалыматта көрсөтүлгөн кемчиликтерди тез аранын ичинде жоюу;
-билим берүү мекемелеринде окуу тарбия иштерине болгон талаптарды күчөтүү, өз милдеттерин так аткарбаган башкармалыктын кызматкерлерине, мектептердин, балдар бакчалардын директорлоруна мыйзам чегинде чара көрүү;
-мектептердин, балдар бакчаларынын директорлорунун кызматкерлер, ата-энелер, камкордук кеңештери менен биргеликте, тыгыз байланышта иш алып баруусун камсыздоо;
-мектептерге окуучуларды микроучастоктор боюнча тартуу, жетишпеген предметтик мугалимдерди камсыздоо, жаңы окуу жылына карата мектептерде жүргүзүлгөн ремонт иштеринин сапаттуулугуна, азыркы замандын талыбына жооп бере турган техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл буруу;
-бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жана мектептерде предметтик китептердин жетишсиздигин жоюу боюнча чараларды көрүү;
-шаардын бардык мектептеринде 1-4-класстардын окуучуларына акысыз тамак-аш берүүнү уюштуруу, балдар бакчаларына электрондук система менен балдарды кабыл алууну камсыздоо;
-билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин бүтүрүүчү класстарга кесип тандоодо туура багыт берүү боюнча иштерди жүргүзүү, республикалык, шаардык олимпиадаларда, жергиликтүү жана республикалык тестирлөөдө бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктарын жакшыртуу боюнча иштерин көзөмөлдөө милдеттендирилсин.
4. Ош облусу боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна (С.Шерматова) билим берүү мекемелеринде санитардык талаптардын, тамак-аш коопсуздугунун сакталышын камсыздоодо мыйзам чегинде талаптарды күчөтүү милдеттендирилсин.
5. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (М.Боронов) жаш өспүрүмдөр арасындагы укук жана тартип бузуучулукка, кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында ата-энелер, коомчулук, муниципалдык аймактык башкармалыктар, массалык маалымдоо каражаттары менен биргеликте тыгыз иш алып баруу милдеттендирилсин.
6. Ош шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгына (А.Шамшиев) шаардагы мектеп окуучуларынын арасында ар кандай оорулардын алдын алуу боюнча шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин иш аракеттерин күчөтүү милдеттендирилсин.
7. «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына (Н.Исмаилов) мектептардеги жана балдар бакчаларындагы таштандыларды түзүлгөн келишимге ылайык, өз убагында чыгарып туруу милдеттендирилсин.
8. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А. Осмонов) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |