Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 14-майы № 174
Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылууларын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 29-мартындагы отурумунун № 12, 2019-жылдын 22-апрелиндеги №13 жана 2019-жылдын 8-майындагы №14 токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен төмөнкү маселелерге акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
-20,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык Кеңешине, 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлүүчү иш-чарага;
-50,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясына, Ош шаарынын Набережная көчөсүнүн №13 үйүнүн тургуну Б.Сайдалиевдин дарылануусуна материалдык колдоо көрсөтүү үчүн;
-50,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясына, Ош шаарынын Садовая көчөсүнүн тургуну А.Мамбетовдун үй бүлөөсүнө материалдык колдоо көрсөтүү үчүн;
-20,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясына, Ош шаарынын Жамбыл көчөсүнүн №12 үйүнүн №6 батиринин тургуну И.Асанованын дарылануусуна материалдык колдоо көрсөтүү үчүн;
-20,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясына, Ош шаарынын Достук кичи районунун №50 көчөсүнүн №23 үйүнүн тургуну А.Садиковага материалдык колдоо көрсөтүү үчүн;
-50,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык билим берүү башкармалыгына, №39 «Күн нуру» мектепке чейинки билим берүү уюмуна интерактивдүү доска сатып алуу үчүн;
-1700,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына, Ош шаарындагы Ж.Аматов көчөсүнүн тротуарын диоддук лампочкалар менен жарыктандырууга жана кооздоого;
-50,0 миң сом акча каражаты «Ажарлуу аялзат» коомдук бирикмесине материалдык колдоо көрсөтүү үчүн;
-100,0 миң сом акча каражаты Ош шаарындагы ардагерлердин «Ош-55» футболдук клубуна Өзбекстан Республикасында өтүүчү футболдук турнирге катышууга колдоо көрсөтүү үчүн;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясына, Ош шаарынын Репин көчөсүнүн №8 үйүнүн тургуну Р.Кадировго материалдык колдоо көрсөтүү үчүн;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясына, Ош шаарынын Репин көчөсүнүн №24 үйүнүн тургуну Б.Юлчиевге материалдык колдоо көрсөтүү үчүн;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясына, Ош шаарынын Ж.Мамытов көчөсүнүн №106 үйүнүн тургуну Ө. Орозовго материалдык колдоо көрсөтүү үчүн;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясына, Ош шаарынын Абжалов көчөсүнүн №50 үйүнүн тургуну Т.Амадалиевага материалдык колдоо көрсөтүү үчүн;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясына, Ош шаарынын Пятилетка айылынын Калмурзаев көчөсүнүн №5 үйүнүн тургуну Ш. Пазыловага материалдык колдоо көрсөтүү үчүн.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |