Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 14-майы № 177
Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Ч.Райымбаевдин 2019-жылдын 7-февралындагы, коомдук ишмер, дипломат, илимпоз Сыдыков Батиралы Сыдыковичтин ысымын Кыргыз-Өзбек университетине ыйгаруу жөнүндөгү №02/1-3/673 катын, аталган университеттин окумуштуулар кеңешинин отурумунун 2018-жылдын 17-декабрындагы № 4 протоколун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 13-беренесине, Ош шаардык Кеңешинин регламентинин 104-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 21 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине коомдук ишмер, дипломат, илимпоз Сыдыков Батиралы Сыдыковичтин ысымын Кыргыз-Өзбек университетине ыйгаруу сунушталсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |