Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 14-майы № 181
Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын директору К.Ташполотовдун 2019-жылдын 24-апрелиндеги, оорукананын аймагындагы жолду реконструкциялоого байланыштуу реконструкция иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук берүүчү 102 түп даракты кыюуга уруксат берүү жөнүндөгү №04-90 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 78-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 8-майындагы отурумунун № 22 токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын аймагындагы 102 түп даракты, мыйзам чегинде, кыюуга макулдук берилсин.
2. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына ( К.Ташполотов) кыйылган бир түп дарактын ордуна оорукананын аймагына эки түп дарак отургузуу тапшырылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |