Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 14-майы № 182
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 15-мартындагы “Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнүн № 256 дарегиндеги шааркуруу түйүнүнүн эскизин бекитүү жөнүндөгү” №53/08-5 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 18 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнүн № 256 дарегиндеги шаар куруу түйүнүнүн эскизи мыйзам талаптарын сактоо менен бекитилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) курулуштарга уруксат берүүдө Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнүн № 256 дарегиндеги шаар куруу түйүнүнүн эскизин эске алуу тапшырылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |