Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 14-майы № 183
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 18-мартындагы “Ош шаарынын Ленин-Сүюнбаев-Курманжан Датка көчөлөрүнүн чегиндеги шаар куруу түйүнү жөнүндөгү” № 215/08-13 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 19 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Ленин-Сүюнбаев-Курманжан Датка көчөлөрү менен чектелген шаар куруу түйүнүнүн эскизи мыйзам талаптарын сактоо менен бекитилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) курулуштарга уруксат берүүдө Ош шаарынын Ленин-Сүюнбаев-Курманжан Датка көчөлөрүнүн чегиндеги шаар куруу түйүнүнүн эскизин эске алуу тапшырылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |