Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 14-майы № 184
Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 28-апрелиндегы № 231/08-13, 30-октябрындагы № 628/08-13, 28-февралындагы № 148/08-13, 2018-жылдын 1-октябрындагы № 693/08-13, 2019-жылдын 25-мартындагы № 628/08-13 каттарын, «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча сунуштарды кароо боюнча комиссиянын отурумунун 2017-жылдын 13-апрелиндегы № 1, 26-октябрындагы № 2, 2018-жылдын 27-февралындагы № 1, 2018-жылдын 25-сентябрындагы № 2, 2019-жылдын 25-мартындагы № 1 протоколдорун карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы № 203-токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 11 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгаруу маселеси Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясында кароого үчүн жылдырылсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |