Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 133 а
Кызыл-Ураан айылындагы Шопоков совхозунда көп жылдар боюнча жумушчу болуп эмгектенген маркум Дилдеайм апанын атын Кызыл-Ураан айылында жаңы ачылып жаткан балдар бакчасына атын берүү жөнүндө Кызыл-Ураан айылынын тургундарынын 03.04.2015-жылдагы токтомун айылдык кеңештин сессиясына сунуш кылган Кызыл-Ураан айылынын айыл башчы А.Качкынбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айлдык кеңештин кезексиз XXVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин 2013-жылдын 07-декабрындагы № 54 токтому жокко чыгарылсын.
2. Кызыл-Ураан айылындагы мурунку мечит балдар бакчасы болуп ачылсын.
3. Кызыл-Ураан айылындагы жаңы ачылып жаткан балдар бакчасына маркум Дилдеайым апанын аты берилсин.
4. Кызыл-Ураан айылындагы балдар бакчасы Дилдеайым атындагы балдар бакчасы болуп аталсын жана балдар бакчасына материалдык жардамдарды көрсөтүп туруу жагы балдарына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |