Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июну № 136
Үч-Терек айылдык кеңешинин Билим берүү жана жаштар саясаты туруктуу комиссиясынын төрайымы И. Жумалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап кеңештин кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин 2014-жылдын III-IV кварталы жана 2015-жылдын 1-11 кварталындарындагы жүргүзүлгөн иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Жылдыз бала бакчасына 2014-жылга ремонт иштерине бөлүнгөн 70 000 (жетимиш миң) сом жана Байчечекей балдар бакчасынын чатырчасын алмаштырууга бөлунгөн акча каражаттарын өз убагында бөлүп берүү жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
3. 2015-2016-жаңы окуу жылына карата мектептердин, бала бакчалардын ремонт иштерин өз убагында уюшкандыкта жүргүзүлүшүн камсыз кылуу жагы мектеп директорлоруна жана балдар бакчаларынын башчыларына милдеттендирилсин.
4. Ремонт иштерине бөлүнгөн акча каражатын өз убагында камсыз кылуу жана сапаттуу ремонттолушуна көзөмөл кылуу жагы башкы эсепчи Ш. Сатыбалдиевге материалдык эсепчи А.Качманбетовго милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т. Урматаевге тапшырылсын.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |