Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июну № 137
2015-жылдын 1-кварталында Үч-Терек айыл аймагына тартылган инвестициялар боюнча төмөндөгү иштер аткарылган. Кызыл-Ураан айылында 75 орундуу бала бакчага 1 милн.сомдук инвентар алынып келинген. Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Уюму Ассамблеясы тарабынан 60 балага 5000 (беш миӊ) сомдон жалпы 300 миӊ сом жөлөк пул жана белектер берилген. О. Артыкбаев жана согушка катышкандардын туугандарынын демилгеси менен 850 миӊ сомго Кызыл-Ураан айылында Улуу Жеӊиштин 70-жылдыгына карата согушка катышкандардын тизмеси даярдалган эстелик тургузулган. 2015-2016 жылга Кызыл-Ураан айылынан Жетиген айылына чейин 6,1 чакырым электр чубалгыларын тартуу, Саргата айылына БСР куруу, Бекназар орго мекетибинин жылытуучу сиситемасын алмаштыруу, Т.Абдиев атындагы маданият үйүнүн көрүүчү залын бүткөрүү жана Үч-Терек айылында 4 милн сомдук спорт комплексин куруу долбоорлору ишке ашырылмакчы. Экономист-статист С.Жолдошованын жогорудагы маалыматын утуп жана талкуулап Уч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 1-кварталында инвестиция тартуу жана инвесторлор менен иштөөдө алгылыктуу иштер жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. 2015-2016-жылында аткарыла турган долбоорлорду ишке ашыруу жагы жана инвестиция тартуу, инвесторлор менен биргеликте иштөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сейдалиевге жана экономист-статист С.Жолдошовага милдеттендирилсин.
3. Жетиген айылынын ФАПын жана Саргата айылынын баладар бакчасынын долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу үчүн донор табуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сейдалиевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары Т.Урматаевге тапшырылсын.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |