Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июну № 139
Үч-Терек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясында элдин талаптары боюнча депутаттар чыгып сүйлөшүп жакынкы жайыттарда малчылар, бадачылар ушул мезгилге чейин көчпөй жаткандыгын белгилешип жана кезектеги XXV сессиясынын № 123 токтомунда бекитилген бада наркы боюнча алынбастан өзүм билемдик менен каалагандай баа коюп алып жаткандыгын талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясында чыккан № 123 токтомунда бекитилген бада наркын бузган бадачыларга административдик чара көрүлүп тапкан кирешесинен мамлекеттин пайдасына чегерип алуу жагы айыл өкмөт башчысына жана жайыт комитетине милдеттендирилсин.
2. Жакынкы жайыттарды сактоо жайыттарды жакшыртуу максатында күзгү жана кышкы жайыттарды туура пайдалануу жана өз убагында көчүп чыгуу жөнүндө жайыт пайдалануучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж. Сатыбаевге жана айыл өкмөт башчысы Р. Сейдалиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |