Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июну № 140
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ураан айылынын Беканазар мектебинин жылытуу системасына 3 миллиондун 10% ын 300 миң. сом, 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата багар көрөрү жок жетим балдарга белек берүү үчүн 46 миң сом жана Үч-Терек айыл өкмөтүнүн базасында Муниципалдык кызматкерлерди баалоо боюнча жалпы айыл өкмөттөрдүн катышуусунда өткөрүлгөн семинарга 24 миң сом. Жогорудагы жумшалган акча каражаттарын статьялары боюнча 22154900 статьясына ылайык 370 миң сомду сессияда карап берүү жагы жана Кетмен-Төбө шаарчасынан тартылган таза суу түтүкчөсүнөн пайдаланышкан Үч- Терек айылынын Рабкооп, мастерской участкаларынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу Кетмен-Төбө шаарчасына 2010-2011-жылдагы 352 миң сомдун 50%ын түзгөн 176 миң сомду төлөп берүү жөнүндө. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Ш.Сатыбалдиевдин жана айыл өкмөт башчысы Р. Сейдалиевдин сунушун угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ураан айылынын Беканазар мектебинин жылытуу системасына 3 миллиондун 10% ын 300 миң сом, 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата багар көрөрү жок жетим балдарга белек берүү үчүн 46 миң сом жана Үч-Терек айыл өкмөтүнүн базасында Муниципалдык кызматкерлерди баалоо боюнча жалпы айыл өкмөттөрдүн катышуусунда өткөрүлгөн семинарга 24 миң сом. Жумшалган акча каражаттарын счатьялары боюнча 22154900 статьясына ылайык 370 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кетмен-Төбө шаарчасынан тартылган таза суу түтүкчөсүнөн пайдаланышкан Үч-Терек айылынын Рабкооп, мастерской участкаларынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн Кетмен-Төбө шаарчасына 2010-2011-жылдагы 352 миң сомдун 50% ын түзгөн 176 миң сом акча каражаты бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражаттарын камсыз кылуу жагы башкы эсепчи Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
4. Кетмен-Төбө шаарчасына кеткен таза сууну пайдалануучу Рабкооп, мастерской участкасынын тургундары менен эки тараптуу келишимдер түзүлсүн. Таза суу пайдалануучулар менен эки тараптуу келишимди түзүү жагы Үч-Терек айыл өмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Казимидиновго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Урматаевге тапшырылсын.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |