Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июну № 141
Кыргыз Республикасынын Таза суу боюнча департаментинин алдында уюшулуп жаткан «Токтогул райондук Таза суу» муниципалдык ишканасын түзүү жана ага мүчө болуп кирүү жөнүндө Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Казимидиновдун билдирүүсү берилди. Билдирүүдө жаңы уюшулуп жаткан «Токтогул райондук таза суу» ишканасына киргенде ишкана өзүнүн уюштуруу иштерин жолго койгондон кийип ишкана өзүнө керектүү таза сууга байланышкан техникаларды алуу жана айыл өкмөттөрдөгү таза суу системасын оңдоо маселелерине көмөк көрсөтүү жана айыл өкмөттөргө техникалык, инженердик жактан жардам берүү маселелери каралган. Ошондой эле таза суу маселесиндеги орчунду көйгөйлөрдү чечүүгө өзүлөрүнүн үлүштөрүн кошмокчу.
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Казимидиновдун сунушун угуп жана талкуулaп Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII-ссссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Токтогул аймактык Таза суу» муниципалдык ишканасын түзүү жоөнүндөгү Уставы менен айыл аймагынын жашоочулары тааныштырылсын.
2. «Токтогул аймактык Таза суу» муниципалдык ишканасына Үч -Терек айыл аймагы мүчө болуп киргизилсин.
3. «Токтогул аймактык Таза суу» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп Чокоев Нуркамил Чокоевич сунушталсын.
4. «Токтогул аймактык Таза суу» муниципалдык ишканасына мүчө болуп кирип жана Таза суу бирикмесинин иштерин жакшыртуу боюнча тиешелүү иштердин өз учурунда жүргүзүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |