Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № 142
Айылдык кеңешинин Билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы И.Жумалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Билим берүү мекемелиринин жаңы окуу жылына карата ремонт иштерин өз деңгээлинде жүргүзгөндүгү белгиленсин.
2. Жетиген айылындагы Б.Салаев атындагы орто мектебинин 1-корпусунун чатырчасын жабууга акча каражатын бөлүп берүү жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
3. Мектеп жана бала-бакчалардын эски окуу жылындагы бүтпөй калган ремонт иштерин 2015-жылдын жыл аягына чейин аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сейдалиевге милдеттендирилсин.
4. Мектеп жана бала-бакчалардын ремонт иштерин жүргүзүүгө бөлүнө турган акча каражаттарын өз убагында бөлүп берүү жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин Билим берүү ,маданият жана бюджет боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |