Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № 143
Үч-Терек айыл аймагындагы соц.адистердин 2015-жыл Ш-квартал ичинде аткарган иштерин.текшерип кароодогу соц.маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы Т.Акылбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кенешинин кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагындагы соц.адистердин ишиндеги бир топ кемчиликтери эске алынсын.
2. Төмөндөгү иштерди аткаруу жагы айыл өкмөттүн соц. адисине жана соц. Тейлөөчүлөргө милдеттендирилсин.
- Согуштун катышуучуларына.майыптарына жана оруктун катышуучуларына жакындан жардам көрсөтүү .
- Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулду дайындоонун даректүүлүгүн маселелерин чечүү боюнча түзүлгөн комиссия менен бирдикте иш жүргүзүү.
- Кары.багар-көрөрү жок жалгыз бой адамдарга женилдиктерди алуусуна жардам көрсөтүү.
- Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 1-июнь балдарды коргоо күнүнө 1 күндүк акция өткөрүү.
- Жарандардын суроо талаптарына.кайрылууларына өз убагында жооп берүү
- Турмушу оор кырдаалда калган балдарга социалдык жардам көрсөтүү,асыроочу жайларга жөнөтүү боюнча чараларды көрүү.
3. Бул токтомдогу милдеттендирүүлөр аткарылбаган учурда, мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилсин жана аткарылган иштер боюнча квартал сайын билдирүүлөрдү берип туруу жагы соц.адис Г. Жусукеевага жана соц.тейлөөчүлөргө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин соц. маселелр боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Акылбековго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |