Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № 144
Үч -Терек айыл өкмөтүнүн карамагындагы айдоо жерлери структура боюнча толук өлчөмдө айдалып себилди. Мындан сырткары кол баскам жерлердин бош калган участкарынын 300 гектардан ашык жерлерине ар кандай айыл-чарба өсүмдүктөрү айдалып себилген. 2015-жылдын жазгы талаа жумуштары үчүн алдын ала айыл чарба техникалары ремонттон өткөрүлүп, 47 ар кандай маркадагы факторлор, 2 сеялка, 5 косилка, 5 чоң жыйнагыч техникалары ишке тартылды. Айдап себүү атайын түзулгөн графиктин негизинде өз убагында бүткүрлүдү. Ал эми жазгы айдап себүүгө кетүүчү күйүүчү майлоочу дыйкан чарбалар тарабынан жетиштүү көлөмдө даярдалды. Айдалып себилген жаздык кылкандуу дан эгиндери ылдыйкы зонада толугу менен орулуп жыйналып алынды. Ал эми жогорку зонадагы дан эгиндери оору жыйуу алдында турат. Структурада көрсөтүлгөн айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн май өсүмдүгү айдалбай калды, себеби дыйкандарыбыз көпчүлүк айдоо жерлерин көп жылдык чөпкө жана картошка айдоо үчүн пайдаланышууда. Ошондой эле структура боюнча айдалып себилген 55 гектар жашылчанын 19 гекгары, 23 гекгар бахчанын 17 гектары жыйналып алынды.
2015-жылдын жазгы тала жумуштарын алгылыктуу жолго коюу үчүн сугат суу менен камсыздоо бир канча түйшүктөрдү жаратып келүүдө. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы ички арыктарды жана каналдарды тазалоодо техниканын күчү менен улуу кент каналынын 3,5 чакырым, Карды-Жарык каналынын 3,0 чакырым, Такталык каналынын 3,5 чакырым аралыктары тазаланган. Ал эми ички чарбалык арыктар толук өлчөмдө дыйкан чарба мүчөлөрүнүн күчү менен тазаланып бүгүнкү күндө сугат суу менен камсыз болууда. Ошондой эле Сары-Таш суу түтүкчөсү жаз алды менен УОСтун кызматкерлери менен биргеликте ремонттон өткөрүлүп, задвижкалары жаңы коюлуп бүгүнкү күндө ылдыйкы зонаны сугат менен камсыздап келүүдө. Быйылкы жылдын жай айларынын бир топ кургакчыл болушу, күндүн кату ысышы, калкыбыздын там арка огороддорунун бак-дарактарыньн куурашына алып келди. Себеби, өзу агып келүүчү сугат суунун тартыштыгы, насостун кээ бир убактарда бузулуп калышы жогорудагыдай жагдайларды жаратты. Ошого карабастан өз убагында насосту ремонттоп, бул абалдан чыгуунун аракеттери көрүлүп келди. Мындан сырткары Осмон-Ата суу сактагычын куруу үчүн проект жасалып,тендерге жарыя берилди.
Суу сактагычка устүбүздөгү жылы 20 миллион сомдук иш аткаруу белгиленип жатат. Суу сактагычтын сыйымдуулуту 750 мин метр кубга барабар. Айыл чарба өсүмдүктөрүнөн 6 ай ичине 175 гектар беденин биринчи чабыгы жыйналып алынган. Айыл чарбанын негизги багыттарынан болгон мал чарбасында дагы тиешелүү иштер жүргүзулүүдө. Айыл өкмөт боюнча 1-январь 2015-жылга карата 4301 баш кара мал, 659 баш жылкы, 20028 баш кой-эчки, 9347 баш канаттуулар катталган же болбосо мал чарбасы 1 -январь 2014-жылга салыштырмалуу 1,5 пайызга өсүш берген.
Менчик малдарды багууда ветеринардык иш чаралдын өз убагында аткарылуусу негизги маселелерден. Бул багытка айыл өкмөттүн ветеринардык кызматкерлери кутурма оорусун алдын алуу максатында 140 жолбун иттер атылган жана айыл өкмөт тарабынан бул иш чарага 25 миң сом акча
Менчик малдарды багууда ветеринардык иш чаралдын өз убагында аткарылуусу негизги маселелерден. Бул багытка айыл өкмөттүн ветеринардык кызматкерлери кутурма оорусун алдын апуу максатында 140 жолбун иттер атылган жана айыл өкмөт тарабынан бул иш чарага 25 миң, сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Кара малдардан шарп оорусуна каршы 1136 башка, кара сан оорусуна каршы 1140 баш вакцинацияланган.
Жандык мал боюнча котур, фасциоллез, диктиокаллез ооруларына каршы 2500 баш дегельминтизацияланды.Чечек оорусуна каршы 5768 баш кой-эчки вакцинацияланды. Жылкы боюнча 360 башына параскародноз оорусуна каршы дарыланган. Жалпысынан кара мал, кой-эчкилерге жугуштуу ооруларга каршы вакцинанын өкмөт тарабынан берилбегендигинен бардык малдарды эмдөө толук камтылбай калды. Азыркы учурда мал арасында өзгөчө жугуштуу оорулар катталган жок.
Мал чарбасын өнүктүрүүнүн негизин аларга тоют базасын түзүү жана жайыттарды рационалдуу пайдалануу болуп саналат. Жайыт маселесинде үстүбүздөгү жылы республикадагы жайыт пайдалануучулардын мыйзамына ылайык өзүлөрүнүн жазган арызынын негизинде 84 атуул жайыт китепчелерин алышып пайдаланышууда.
2015-жылы айыл өкмөттө жайыт комитети 325920 сомдук жайыт акысын чогултуу каралган. Алты ай ичинде накталай чогултулганы 147610 сом. Ар кандай чыгымдарга чыгымдалганы 139700 сом, өздүк эсебинде 7910 сом турат. Жыл аягына чейин жогоруда көрсөтүлгөн сумманы чогултууга жайыт комитетинин мүмкүнчүлүгү бар. Жалпысынан айыл чарбасынан үстүбүздөгү жылдын алты айында 132590 миң сомдук продукция өндүрүү белгиленсе, иш жүзүндө толугу менен аткарылган.
Өзүңүздөргө белгилүү айыл өкмөттүн аймагында 11352 адам же болбосо 2069 кожолук жашайт. Социалдык иликтөөнүн негизинде 2069 кожолуктун жакыр үй-бүлөөлөр 370,өтө жакыр 587, орто жашагандар 396 жана байлары 716 үй-бүлөөнү түзөт.
Айыл өкмөт боюнча 350 үй-бүлөө же болбосо жалпы кожолуктун 17 пайызы жөлөк пул алышат. Айыл өкмөт тарабынан ар кандай даталуу күндөргө карата ар кандай өлчөмдө акча каражатын бөлүп берген.
2015-жылы инвестиция багытында да жакшы жышаан менен иштер жүргүзүлдү. Улуу Ата мекендик согуштун жеңиш күнүнүн 70-жылдыгына карата Кызыл-Ураан айылынын жашоочуларынын демилгеси менен ошол айылда эс алуу багы жана эстелик -монументи жашоочулардын жана Бишкектеги Кызыл-Ураан коомунун демөөрчүлүктөрү менен 850 миң сомдук иштер аткарылган. Ошол эле айылда Кытай Эл Республикасынын TWEA фирмасынын демөөрчүлүгү менен «Дилдайым апа» балдар бакчасы 1 млн сомдук инвентарлар алынган. Үч-Терек-Өзгөрүш автожолунда 13-14 чакырымындагы бир чакырымы 7 млн сомго республикалык автомобиль жол куруу министрлиги тарабынан ишке ашырылды. Бекназар атындагы орто мектебинин жылытуу системасын алмаштырууга тендер өткөрүлүп 1 млн сомдук көлөмдө иш аткаруу белгиленүүдө. Ошондой эле каржы министрлигине түрткү берүүчү гранттан 2 млн сомго Үч-Терек айылындагы Т.Абдиев атындагы маданият үйүнүн көрүүчү залынын ремонту бүткөрүлмөкчү. Жеке ишкерлер тарабынан Үч-Терек, Саргата айылдарында спорт залдын курулушу башталып 1 млн сомдон ашык көлөмдө иштер аткарылды. Үч-Терек айылынын З.Акаев, А.Жээналиев көчөлөрүнө 5 даана шам чырак, аты коюлган инсандардын балдарынын демөөрчүлүгө менен коюлду.М.Нургазиев атындагы орто мектепти мындан 20 жыл мурда бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн демөөрчүлүгү менен мектептин тостомун тосушуп 130 миң сомдук көмөк көрсөтүшкөн айыл өкмөттүн Шылдырак жайлоосундагы 3 көпүрөгө трубалар Датка-Кемин электр линиясын тарткан кытай куруучулары тарабынан салынып,1500 миң сомдук иш аткарылган.
Өзүңүздөргө белгилүү үстүбүздөгү жылы жашылдандыруу боюнча клубдарга, мектептерге, ФАПтарга жана башка мекемелерге 165 миң сомдук ар кандай түрдөгү көчөттөр бекер таркатылып берилип, отургузулду. Ички арыктар жана каналдар толугу менен чабылып,тазаланган.
Кызыл-Ураан айылындагы борбордук көчөсү узундугу үч чакырым туурасынан үч жарым метрге кеңейтилип жана Жетиген айылынын Жуманазаров көчөсүнүн узундугу 300 метр, туурасы 3.6 метр ал эми калыңдыгы 20 см, Геройбектен -Айтыга чейинки жолдун узундугу 1000 метр, туурасы 3,60 метр жана калыңдыгы 20 см, Жетиген-Такталык жолунун узундугу 300 метр, туурасы 360 метр жана калыңдыгы 20 см болгон жерлер толугу менен техникалардын күчү менен бүткөрүлгөн. Саргата айылынын А. Асанбаев, Р.Абдылдаев көчөлөрүндөгү жана Жар-Булак участкасындагы ооттор толуу менен тазаланды. Ошондой эле ар бир айылдарга таштанды төгүү үчүн ямалар казылып, эң негизги болгон Үч-Терек айылынын Тешкен-Тоо жана Кызыл-Ураан айылындагы Ак-Дөбө участкасына чоң ямалар казылган, өкмөтү тарабынан жалпы: 5158 литр күйүүчү майлар куюлуп, жыл башында бекитилген иш-чарадагы жумуштар Үч-Терек инженердик техникалары муниципалдык ишканасынын техникалары менен аткарылууда.
Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча 2015-жылдын 6 айына план боюнча киреше булагы төмөндөгүчө болгон. Жалпы киреше булагы жергиликтүү бюджеттен атайын каражатты кошкондо план боюнча 6 айда 3922,2 миң сом болсо, фактический 3927,1 миң сом болуп 100,1 прайызга аткарылган.
Бардык көрсөткүчтөр ашыгы менен аткарылып,эки көрсөткүчтөр боюнча транспорт салыгы план боюнча 120,0 миң сом каралса фактический 106,6 миң сом сомго аткарылып 88,8 % ке 13,4 миң сом икем аткарылган. Атайын каражат боюнча 654,2 миң сом пландаштырылса 651,2 миң сомго аткарылып. 99.5 % ке же болбосо 3,0 мин сомго кем аткарылган.
Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин кезектеги XXIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн башчысы Р.Сейдалиевдин жарым жылда жүргүзүлгөн иштери жөнүндө отчету кемчилдиктери менен к
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнө төмөндөгү маселелерди аткаруу жагы милдеттендирилсин:
- Жайыт маселеси боюнча инвестиция тартуу
- Турак жайы жок жашоочулар үчүн жерди трансформациялоону тездетүү.
- Ар бир айылдарга таштанды таштоо үчүн чуңкур (яма) каздыруу жана 15-күн сайын таштандыларды ташыгууга транспорт менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башысынын орун басары Ж.Казимидиновго милдеттендирилсин.
- Үч-Терек айыл аймагындагы жайгашкан мурдагы Шопоков совхөзунун кеңсесин ( азыркы поликлиника) Үч-Терек айыл өкмөтүнүн кеңсесине алмаштырууну тездетүү
3. Кара-Шагыл участогундагы жерлерди тактоо жана салыгы ушул күнгө чейин төлөнбөй келген жерлерди кайра артка кайтарып алуу боюнча иш алып баруу жагы жер адиси К.Абазовго милдеттендирилсин.
4. Бала бакчага берилген Ак-Өргөдөгү эски райпонун кеңсесинин имаратынын документтерин бүтүрүп,айыл өкмөттүн балансына алуу жагы жер адиси К.Абазовго жана башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
5. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аппаратында иштеген жумушчулар менен эмгек келишим түзүү жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сейдалиевге милдеттендирилсин.
6. «Жылдыз» жана «Чабалекей» балдар бакчасынын энерго паспортун тез аранын ичинде алып берүү жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |