Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № 146
Кожобердиев Болотбек Аманканович 1964-жылы 1-сентябрда Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулган.Улуту кыргыз.1981-жылы Саргата айылындагы Саргата орто мектебин бүтүргөн. 1982-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Афганистандын Баграм, Жалалабад шаарларында жана Шинжан ашууларында аскердик кызмат өтөгөн. 1988-жылы СССР Жогорку Советинин Президиумунун указы менен «СССРдын куралдуу күчтөрүнүн 70 жылдыгы» юбилейлик медалы, 1988-жылы Афганистан Республикасынын президентинин указы менен «Афган элинен интернационалист жоокерге алкыш» медалы, 28-декабрь 1988-жыл Москва шаары, Кремль. СССР Жогорку Советинин Президиумунун Грамотасы жана «Интернационалист жоокер» төш белгиси, 2014-жылы «Советтик армиянын Афганистандан чыгарылышына 25 жыл» юбилейлик медалы, 2014-жылы «Токтогул Сатылганов-150» юбилейлик медалы жана бир нече райондук администрациясынын Ардак Грамоталары менен сыйланган. Үч-Терек айылдык кеңешинин депутаты Урматаев Тагайбектин сунушун угуп, талкуулап жана жогорудагыларды белгилеп Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагынын Саргата айылынын тургуну афган согушунун ардагери Кожобердиев Болотбек Аманкановичтин жогорудагы эрдиктерин жана эмгектерин баалап, Үч-Терек айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |