Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № 147
Жолдошалиев Толубай Коргонбаевич 1960-жылы 12-августта Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулган.Улуту кыргыз. Билими орто.1977-жылы Жетиген айылынындагы Жетиген орто мектебин бүтүргөн. 1978-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Чехословакия жана Афганистандын Файзабат провинциясында, Пулихумри, Ташкоргон айылдарында жана Кундуз, Мазари Шариф шаарларында аскердик кызмат өтөгөн.28-декабрь 1988-жыл Москва шаары, Кремль. СССР Жогорку Советинин Президиумунун Грамотасы жана «Интернационалист жоокер» төш белгиси, 1989-жылы СССР Жогорку Советинин Президиумунун указы менен «СССРдын куралдуу күчтөрүнүн 70 жылдыгы» юбилейлик медалы, 2000-жылы Орусия Афган ардагерлер союзу тарабынан «Эрдиги үчүн» медалы, 2010-жылы «Советтик армиянын Афганистандан чыгарылышына 20 жыл жана Улуу Жеңиштин 65 жылдыгы» юбилейлик медалы, 2014-жылы «Советтик армиянын Афганистандан чыгарылышына 25 жыл» юбилейлик медалы жана бир нече райондук администрациясынын Ардак Грамоталары менен сыйланган. Үч-Терек айылдык кеңешинин депутаты Урматаев Тагайбектин сунушун угуп талкуулап жана жогорудагыларды белгилеп Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагынын Үч-Терек айылынын тургуну афган согушунун ардагери Жолдошалиев Толубай Коргонбаевичтин жогорудагы эрдиктерин жана эмгектерин баалап, Үч-Терек айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
З. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |