Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № 148
Кыдырбаев Урустам Осмоналиевич 1960-жылы 21-августта Токтогул районунун Кызыл-Ураан айылында туулган.Улуту кыргыз. Билими орто, 1977-жылы Кызыл-Ураан айылынындагы Кызыл-Ураан орто мектебин бүтүргөн. 1978-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Чехословакия жана Афганистанда аскердик кызмат өтөгөн. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 400 токтому менен «Афганистандан советтик аскерлерди чыгарганга 15 жыл» эстелик медалы, 2010-жылы «Советтик армиянын Афганистандан чыгарылышына 20 жыл жана Улуу Жеңиштин 65 жылдыгы» юбилейлик медалы, 2011-жылы КМШ өлкөлөрүнүн Жоокер Интернационалисттер Комитети тарабынан «Советтик армиянын Афганистандан чыгарылышына 20 жыл» медалы, 2014-жылы «Советтик армиянын Афганистандан чыгарылышына 25 жыл» юбилейлик медалы, 2014 -жылы Орусия Афган ардагерлер союзу тарабынан «Афган даңкы» ордени жана бир нече райондук администрациясынын Ардак Грамоталары менен сыйланган. Үч-Терек айылдык кеңешинин депутаты Урматаев Тагайбектин сунушун угуп, талкуулап жана жогорудагыларды белгилеп Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагынын Саргата айылынын тургуну афган согушунун ардагери Кожобердиев Болотбек Аманкановичтин жогорудагы эрдиктерин жана эмгектерин баалап Үч-Терек айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтом www.uch-tcrek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |