Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-майы № 29
Тунук-Суу айылынын тургуну С.Амировдун арызын канааттандыруу жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Тунук-Суу айылынын тургуну С.Амировдун жазган арызын карап чыгып, талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тунук-Суу айылынын Бордун-Талаасы участкасында жайгашкан кыркым кана пункту С.Амировго 5 жылга ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон иш-кагаздарын бүтүрүү жагы жер адисинин милдетин аткаруучу С.Дыйкановго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |