Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № 149
Чормошов Шаршен 1959-жылы 8-июнда Токтогул районунун Саргата айылында туулган.Улуту кыргыз. Билими орто, 1976-жылы Торкент айылындагы Торкент орто мектебин бүтүргөн. 1978-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Украинанын Виница областында, Грузиянын Цхинвали шаарында кызмат өтөп, 1980-жылы Афганистандын Кундуз, Жалалабад шаарларында аскердик кызмат өтөгөн. 2010-жылы «Советтик армиянын Афганистандан чыгарылышына 20 жыл жана Улуу Жеңиштин 65 жылдыгы» юбилейлик медалы. 2014-жылы «Советтик армиянын Афганистандан чыгарылышына 25 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланган. Үч-Терек айылдык кеңешинин депутаты Урматаев Тагайбектин сунушун угуп, талкуулап жана жогорудагыларды белгилеп Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагынын Саргата айылынын тургуну афган согушунун ардагери Чормошов Шаршендин жогорудагы эрдиктерин жана эмгектерин баалап, Үч-Терек айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтом www.uсh-teгек.кg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |