Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № 150
Ажыбеков Алимжан 1928-жылы Үч-Терек районуна караштуу Кызыл-Ураан айылында жумушчунун үй-бүлөөсүндө туулган, билими толук эмес орто, улуту кыргыз.1937-жылдан 1945-жылга чейин Кызыл-Ураан айылындагы Кызыл-Ураан мектебинде окуган. 1946-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып,1951-жылы аскердик кызматын аяктаган.1957-жылы айдоочулук кесипке ээ болуп,эмгек жолун 1958-жылдан 1965-жылга чейин Уч-Терек совхозунда айдоочутан баштаган. 1966-1971-жылдары Үч-Терек РАБКООПунда айдоочу, көчмө дүкөнчү,1972-1989-жылдары Үч-Терек совхозунда айдоочу, 1990- 1993-жылдары НГЭСтин УОСунда кароол болуп эмгектенген. 1993-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Ажыбеков Алимжан 2011-жылы 14-январда дүйнөдөн кайткан. Кызыл-Ураан айылынын Кызыл-Ураан көчөсүнүн тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде маркум Ажыбеков Алимжандын жүрүм турумун жана эмгегин баалап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Ураан айылынын Кызыл-Ураан көчөсүнө Камбарбеков Жаманбайдын үйунөн эки сайдын кошулушуна чейин маркум Ажыбеков Алимжандын ысымы ыйгарылсын.
2. Аталган көчөнүн үйлөрүнө үй номерлерин ирээти менен илүүжөчөнүн тазалыгына көңүл бөлүү, жарыктандыруу жана жолдорун ондоп түзөө жумуштарын көзөмөлгө алып жыл сайын аткарып туруу жагы маркум Ажыбеков Алимжандын үй-бүлөөсүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Урматаевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |