Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-октябры № 153
Үч-Терек бөлүмү 1-п/ст 35/10 кВ Кызыл-Ураан вл-10 кв 6-фидер 96 ТП 10/04 кв боюнча төмөнкү айылдарда тейлейт.Үч-Терек 15 ТП, Саргата 14 ТП, Кара-Жыгач 25 ТП,Кара-Суу 21 ТП, Кызыл-Ураан 21 ТП жалпы абоненттин саны 1854 (бир миң сегиз жүз элү төрт). Бүгүнкү күнгө болгон дебеттордук карызы 248 293 (эки жүз кырк сегиз миң эки жүз токсон үч) сом. Азыркы учурда 6 фидер Вл-10 кв 4 айылды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылып келүүдө, Тогуз айдын жыйынтыгы менен 31 ТП Вл-04 кВ чубалгысы толугу менен ремонттон өттү.Вл-10 кВ электр чубалгысын бак-дарактан тазалоо жумуштары жүрүп жатат.Мунун ичинен айыл өкмөттүн балансында турган КТПлар:
Үч-Терек айыл өкмөтү 8 ТП.Торкент айыл өкмөтү 3 ТП,Ч/лицо 25 ОПМ,больница 1 ТПРЭС 59 ТП.
Токтогул райондук электро тармактарынын Үч-Терек бөлүмүнүн (УЭС) башчысы Ж.Абдылдабековдун 9 ай ичинде жүргүзүлгөн иштерин жана кышка карата даярдыгы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул райондук электр тармактарынын Үч-Терек аймактык бөлүмүнүн 2015-жылдын 9 ай ичинде жүргүзгөн иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Үч-Терек аймагы боюнча электр линялардын алдында мыйсамсыз тигилген тал теректер жана авариялык коркунуч келтирген бактарды кыйып тазалоо иштерин жүргүзүү жагы Үч-Терек аймактык электр тармактарынын жетекчиси Ж. Абдылдабековго жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Үч-Терек айыл аймагына караштуу айылдардагы талапка жооп бербеген столбаларды алмаштыруу жана Саргата айылындагы Кок-Жар калктуу конушуна 1 чакырым аралыкка электр чубалгысын тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине айылдык кеңеш менен айыл өкмөттүн атынан кат жөнөтүү жагы тапшырылсын.
4. Жетиген айылындагы Ак-Жар жана Арал элдүү пункттарындагы талапка жооп бербеген электр чубалгыларынын столбаларын мүмкүнчүлүккө жараша карагай столбаларына алмаштыруу жагына акча каражат табуу жагы айыл өкмөткө жана карагай кыркууга уруксат алуу жагы Токтогул райондук токой чарбасынын жетекчилигинен суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Урматаевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |