Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-октябры № 154
2015-жылы Үч-Терек-Өзгөрүш жалпы жолунун узундугу 71 км.Автогрейдир менен тегиздөө жана жолдун эки чекесине арыкча салуу иштери жүргүзүлгөн. 18 даана эски жол белгилери алмаштырылдыЛЗ-чакырымдан 14-чакырымга чейин 1 км жаңы асфальт төшөө иштери бүткөрүлдү. 1 км асфальттын жалпы суммасы 4 мил 127 миң сомду түздү. 1 -чакырымдан 5-чакырымга чейин жана 20-чакырымдан 24-чакырымга чейинки тешик жамоо иштери жүргүзүлдү.Жалпысынан жамоо иштери 1555 м2 .
2016-жылдын иш планына 3 км жаңы асфальт киргизилди.Осмон-Ата көпүрөсүнүн эски проектиси табылып айыл өкмөт менен бирге ишке ашырууда.Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн Ничке суусундагы, Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн Коңур-Өгүз суусундагы эски көпүрөлөрдү жаңыртуу келерки жылдын иш планына кирүүдө.
№30 Жол тейлөө ишканасынын жыл ичиндеги жүргүзүлгөн иштери жана кышка карата даярдыгы жөнүндө № 30 Жол тейлөө ишканасынын башкы инженери Ысырайылов Жумабайдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №30 Жол тейлөө ишканасынын жыл ичиндеги жүргүзүлгөн иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жолдорду суу каптаган жерлерге трубаларды коюу,жол жээгиндеги тал-теректерди ирээтке келтирүү жана асфальттарды сактоо боюнча айыл өкмөтү менен биргеликте иш алып баруу жагы № 30 Жол тейлоо ишканасынын жетекчиси Э.Сейиталиевге милдеттендирилсин.
З. Осмон-Ата жана Жетиген айылындагы автожолдорундагы көпүрөлөрдү оңдоо жана Үч-Терек-Өзгөрүш автожолун 7 км чейин асфальт кылуу жөнүндө КРнын транспорт жана коммуникация министрлигине кайрылуу жолдонсун.
4. Кара-Көл ДЭП-30 менен Үч-Терек-Өзгөрүш автожолунун аралыгы алыс болгондуктан ДЭП-ЗОтун бөлүмчөсүн ачуу жана 1 грейдер, 1 автосамосвал, 1 автопогрузчик менен камсыз кылуу боюнча № 30 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Э.Сейиталиевге сунуш берүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Ж.Казимидиновдон суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |