Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-октябры № 155
Үч-Терек айыл аймагындагы №29 М.Нургазиев жалпы билим берүүчү мектебинин жылытуу системасын жанылоо боюнча 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен түрткү берүүчү грант бөлүү үчүн долбоорун бекитүү боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын кароо жөнүндө жумуш жана ашар түрүндө акча каражатын бекитип берүү боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ж.Казимидиновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенешинин кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн №29 М.Нургазиев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жылытуу системасын жаңылоо үчүн түрткү берүүчү гранттын жалпы долбоору 1 380 186 (бир миллион үч жүз сексен миң бир жүз сексен алты ) сомго, түрткү берүүчү гранттан каржылоо үлүшү 1 173 158 (бир миллион бир жүз жетимиш үч мин бир жүз элүү сегиз) сомго бекитилсин.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтуү бюджеттен накталай акча каражагы 207 028 (эки жүз жети миң жыйырма сегиз) сом бөлүнүп берилсин.
3. Каралган акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен караштырып камсыз кылып берүү жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышьтн көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ж.Казимидиновго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом W4vw.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |