Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-октябры № 156
Үч-Терек айыл аймагындагы Үч-Терек айылына 4,2 чакырым аралыктан суу түтүкчөсүн тартып келүү боюнча 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен түрткү берүүчү грант бөлүү үчүн долбоорун бекитүү жөнүндө жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жана калктын материалдай жана эмгек түрүндө салымын бекитүү боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ж.Казимидиновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагындагы Үч-Терек айылына 4,2 чакырым аралыктан суу түтүкчөсүн тартып келүү үчүн түрткү берүүчү гранттын жалпы долбоору 1 619 814 (бир миллион алты жүз он гогуз миң сегиз жүз он төрт) сомго, түрткү берүүчү гранттан каржылоо үлүшү 1 376 842(бир миллион үч жүз жетимиш алты мин сегиз жүз кырк эки) сомго бекитилсин.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин накталай акча каражаты 242 972 (эки жүз кырк эки мин тогуз жүз жетимиш эки) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнтөн акча каражатын жергилктүү бюджеттин эсебинен караштырып камсыз кылып берүү жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ж.Казимидиновго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеггик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |