Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-октябры № 157
Бектеналиева Сатымбү 1922-жылы 10-январда Ош областынын Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айылдык советинин Кызыл-Ураан айылында дыйкандын үй-бүлөөсүндө туулган.Улуту кыргыз.Билими 8-класска чейин Кызыл-Ураан айылындагы Кызыл-Ураан мектебинде окуган.
Эмгек жолун 1939-жылы райондук партия комитетинин аппаратында иштөөдөн баштап,1952-жылга чейин ошол эле райондук партия комитетинин аппаратында эмгектенип келген.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында орукта иштеген 1942-жылы КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынган
1952-жылдан 1962-жылга чейин райондук керек-жарак коомунда председатель.
1964-жылдан 1970-жылга чейин Үч-Терек селолук советинде председатель
1970-жылдын 1973-жылга чейин Үч-Терек совхозуна караштуу Жетиген айылында башкарма болуп эмгектенип келген.
Бектеналиева Сатымбү райондук советке үч жолу,айылдык советке бир нече жолу депутат болуп шайланган.Райондук партия комитетинин пленумунун мүчөлүгүнө 5 жолу шайланган.
1973-жылы ардактуу эс алууга чыгып,2006-жылы 4-сентябрда 84 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Сыйлыктары:
1. Эмгектин каармандыгы үчүн медалы менен 2. жолу
2. В.И.Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалы
3. Улуу Ата Мекендик согуштун 1941-1945-ж медалы(Улуу Ата Менендик согушта орукта иштегендиги үчүн)
5. Улуу Жеңиштин 50-жылдыгы медалы
6. Областтык жана райондук партия комитетинин ардак граммоталары менен сыйланган.
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн убактылуу өкөтүнүн милдетин аткаруучусу Ж.Казимидинов дун сунушун угуп.талкуулап жана жогорудагыларды белгилеп Үч-Терек айылдык кенешинин кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылынын РАБКООП участкасындагы жаңы ачылып жаткан балдар бакчасына Сатымбү ana атындагы «Келечек» балдар бакчасы наамы ыйгарылсын.
2. Балдар бакчасынын укук тастыктоочу документтерин тактап айыл өкмөттүн балансасына алуу жана 2016-жылга бюджетке киргизүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сейдалиевге милдеттендирилсин.
3. Балдар бакчасына демөөрчүлүк кылып көмөк көрсөтүп туруу жагы Бектеналиева Сатымбү апанын уул-кыздарынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.Урматаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |