Редакцияот 17.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Коңорчок айылдык кенешинин кезексиз сессиясы

 

2019-жылдын 17-январы № 36/55

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен келишим түзүү жөнүндө

 

Каралган маселе боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы № 715 токтомуна ылайык Ак-Талаа райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Коңорчок айыл өкмөтүнүн типтүү келишими бекитилсин.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына мамлекеттик ыйыгарым укуктарды берүү менен жетектөөчү адис-статистигине берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды республикалык бюджеттен каран берүү жагы суралсын.

 

Төрага

Байыш уулу Улук