Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2018-жылдын 26-декабры № 148
Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы К.Саркарбаевдин, Ош шаардык А.С.Суйумбаев атындагы стадиондун директору А.Сулаймановдун шаардагы спортту жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 4-декабрындагы № 5 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарында спортту жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы К.Саркарбаевдин, Ош шаардык А.С.Суйумбаев атындагы стадиондун директору А.Сулаймановдун маалыматтары эске алынсын.
2. Ош шаардык мэриясына (Т.Сарыбашов):
- спорт комитетинин жаштар арасында спортту өнүктүрүүнү жана жайылтууну камсыздоонун жоопкерчилигин күчөтүү;
- А.Суйумбаев атындагы стадионду эл аралык стандарттарга жооп берген деңгээлге жеткирүү максатында инвесторлорду тартуу;
- чуркоо жолдорун жеңил атлетчилерге ылайыкташтыруу;
- күн чыгыш тарабындагы отургучтардын үстүн жабуу;
- заманбап ажатакана куруу;
- стадиондун опилка талаасын оңдоп-түзөө жагын кароо сунушталсын.
3. Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасына (К.Саркарбаев):
- шаардагы жеке менчик спорттук мекемелер менен тыгыз иш алып баруу жана алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө;
- шаардын аймактарында улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү милдеттендирилсин.
- стадиондун ичине кичи футбол аянтчасын уюштуруу тапшырылсын.
4. Ош шаардык А.С.Суйумбаев атындагы стадиондун директоруна (А.Сулайманов) стадиондо маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүдө түшкөн каражаттарды туура пайдаланып, көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин.
5. Шаардагы билим берүү башкармалыгына (А.Асанов) жана Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев) шаардагы мектептердин спорт залдарын ижарага берүүнү көзөмөлгө алуу тапшырылсын;
6. «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына (Н.Исмаилов) А.Суйумбаев атындагы стадиондогу топтолгон таштандыларды өз убагында тазалап туруу милдеттендирилсин.
7. Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Осмонов) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |