КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2019-жылдын 6-сентябры № 2
Көчмөндөр оюндарынын өтүүчү сынактары жөнүндө
Талас областында өтүүчү Көчмөндөр улуттук спорт оюндарына катышуу үчүн Кеңеш айыл аймагынан тийиштүү адистер тигилүүчү боз үйдүн жасалгалары менен алып барыш үчүн Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас областында өткөрүлүп жаткан Көчмөндөр оюндарына Кенеш айыл аймагынан тийиштүү адистер барып катышууга шарт түзүлүп, алардын барып келүүсүнө 10 000 (он миң) сом акча каржаты каралсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга жана өкмөт башчы Р.Омурзаковго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | И. Каипов
|