Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-сентябры № 3
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөгү мыйзамын жетекчиликке алып Кеңеш айыл аймагынын Коткор, Шыдыр, Аук, Генгоо, 1-Май айылдарын таза суу менен камсыз кылуу Долбоорун ишке ашыруу максатында Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Коткор айылынын Тандоо участкасына ичүүчү таза суу кампасын куруу үчүн трансформациялоого берилген 0,70 га айыл чарба багытындагы жер аянтынын максаттуу багытын өзгөртүү үчүн айыл чарба жоготууларын жана алынбай калган пайданын оордун толуктоо, Базар-Коргон райондук мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан такталган эсепке ылайык 77587 (жетимиш жети миң беш жүз сексен жети) сом акча каражаты Кенеш айыл өкмөтү тарабынан төлөнсүн.
2. Көрсөтүлгөн акча каражаты Кеңеш айыл өкмөтүнүн ар түрдүү чыгым статьясынан каралсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | И. Каипов
|