Редакцияот 06.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

 

2019-жылдын 6-сентябры № 4

Муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүлккө муниципалдык менчик объектилеринин реестрине ээ болуусу жөнүндө мыйзамдын 9-беренесине ылайык, Кеңеш айыл аймагынын башчысы Р.Омурзаковдун кайрылуусуна негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл аймагына караштуу №144 контурдан орун алган 0,4 га жер аянты муниципалдык менчиктеги реестрге киргизилип бекитилсин.

2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы

И. Каипов