Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-сентябры № 5
Кеңеш айыл аймагынын Каражыгач айылынын айыл башчысы Абдулакимов Абдужапарга Ардактуу атуул наамын берүү боюнча элдин жазган протоколуна негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагында жашап, үзүрлүү эмгектенип Кеңеш айыл аймагынын жана өз айылынын калкына көрсөткөн көп жылдык эмгегин баалап Каражыгач айылынын айыл башчысы Абдулакимов Абдужапарга Кеңеш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” деген ардактуу наам ыйгарылсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | И. Каипов
|