КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2019-жылдын 6-сентябры № 6
“Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы И.Каиповдун Осмонова Айнураны Ардактуу атуулга көрсөтүү сунушуна негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын калкына көрсөткөн көп жылдык эмгегин баалап Осмонова Айнурага Кеңеш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” деген ардактуу наам ыйгарылсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | И. Каипов
|