Загрузка документа…
АК-ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-февралы № IX/3
Ак-Чий айыл аймагындагы, Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарын, Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясынын кеңешмесинин 17.06.2010- жылы чыккан чечиминин негизинде, КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 29-ноябрындагы № 702 токтомун жетекчиликке алып, Ак-Талаа районунун Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарын кооптуу келечексиз-деп таап КР жарандык коргоо мыйзамдарына ылайык, аталган айылдарды коопсуз, мурун аныкталган “Жаңы конушка” көчүрүүгө чечим чыгарылгандыгы боюнча макулдук берүү жагын карап жана талкуулап Ак-Чий айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Чий айыл аймагындагы, Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарын, Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясынын кеңешмесинин 17.06.2010- жылы чыккан чечиминин негизинде, “Кара-Гоо” участкасындагы № 1296, № 1298 контурундагы жайгашкан 147 га жер участкасын “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясына (транформациялоо) которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу жагын Ак-Чий айыл аймагынын окмот башчысы Э.Айыповго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагын озумо калтырамын
Төрага | А. Жунусов
|